Бишкек, 2026-жылдын 17-июну – Караван Инфо маалымат агенттиги. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президенттик администрациясынын башчысы Адылбек Касымалиев Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.

Адылбек Касымалиев Өзбекстандын башчысына Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан жылуу салам жолдоп, эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана жакшы коңшулук мамилелерди чыңдоо Кыргызстандын тышкы саясатынын негизги багыты бойдон кала берерин белгиледи.
Тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Алар биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө, аймактар аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана эки тараптуу жол карталарында камтылган келишимдерди ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.
Жолугушууда Адылбек Касымалиев Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун инвестицияларды тартуу жана ишкер байланыштарды өнүктүрүү үчүн ири аймактык аянтчалардын бири катары маанисин белгиледи. Ал өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга жана Борбордук Азиянын туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн билдирди.
Ошондой эле, тараптар алдыдагы жогорку деңгээлдеги эки тараптуу жолугушууларды жана Кыргызстан менен Өзбекстандын катышуусундагы эл аралык иш-чараларды талкуулашты, алардын жүрүшүндө жаңы келишимдерге жана документтерге кол коюу пландаштырылууда.
Жолугушуу 5-Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун алкагында өттү.
Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы
