Адылбек Касымалиев Россия Федерациясына жумушчу сапар менен келди - ИА Караван Инфо
Адылбек Касымалиев Россия Федерациясына жумушчу сапар менен келди

Бишкек, 2026-жылдын 6-июлу – Karavan Info маалымат агенттиги. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумушчу сапары менен Россиянын Екатеринбург шаарына келди.

Адылбек Касымалиев сапарынын алкагында бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат жана иш-чаранын пленардык жыйынында сөз сүйлөйт.

Көргөзмөдө металлургия, өндүрүш технологиялары, санариптик технологиялар, машина куруу жана өнөр жайды автоматташтыруу тармактарында иштеген компаниялар көрсөтүлөт.

Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети