Адылбек Касымалиев Түркмөнстанга жумушчу сапар менен келди
БИШКЕК, 2026-жылдын 21-майы – Karavan Info маалымат агенттиги. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы жана Президенттик администрациянын жетекчиси Адылбек Касымалиев Түркмөнстанга жумушчу сапар менен келди.

Сапардын алкагында Премьер-министр Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат, анда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери талкууланат.
Мындан тышкары, сапардын алкагында мамлекет жетекчилиги менен жолугушуу күтүлүүдө.
Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
