Аймактык төрөт үйлөрүнүн кызматкерлери ара төрөлгөн ымыркайларга жардам берүүнүн жаңы технологияларын үйрөнүшүүдө - ИА Караван Инфо
Аймактык төрөт үйлөрүнүн кызматкерлери ара төрөлгөн ымыркайларга жардам берүүнүн жаңы технологияларын үйрөнүшүүдө

ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, Кыргызстанда акыркы жылдары ымыркайлардын өлүмү жыл сайын 4,5 пайызга туруктуу төмөндөөдө. Мындай тенденцияга төрөт үйлөрүндөгү неонатологдордун жана медайымдардын квалификациясын жогорулатуу негизги салым кошууда, бул бир нече жылдан бери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Неонатологдор ассоциациясы тарабынан “Эл-Ди-Эс Черитиз” кайрымдуулук фондунун колдоосу менен системалуу түрдө жүргүзүлүп келет. Бул жылы Бишкек жана Ош шаарлары жаңы төрөлгөн ымыркайларды баштапкы реанимациялоо жана дени сак, оорулуу жана ара төрөлгөн ымыркайларды багуу боюнча окуу борборлоруна айланды, анда АКШдан келген алдыңкы мастер-тренерлер өткөрүшөт.

“Биздин фонд дарыгерлерди, медайымдарды жана социалдык кызматкерлерди бүткүл өлкө боюнча медициналык жана социалдык тейлөөнүн деңгээлин жогорулатуу үчүн көндүмдөрдү үйрөтүү боюнча көптөгөн программаларды ишке ашырат”, – деди Дмитрий Цай, “Эл-Ди-Эс Черитиз” кайрымдуулук фондунун директору. – Региондордо биз үч багыт боюнча алдыңкы окуу материалдарын колдонуу менен билим берүү иш-чараларын активдүү колдойбуз: “Неонаталдык реанимация”, “Жаңы төрөлгөн балдарга кам көрүү” жана “Балдарга негизги кам көрүү”. Биз билим берүү системасы жаңы технологияларга дайыма эле үлгүрө бербешин түшүнөбүз, ошондуктан медициналык окуу жайлар менен активдүү иштешип жатабыз. Ушул убакка чейин өлкөнүн 11 колледжинин 145 мугалими теориялык билимге жана практикалык тажрыйбага ээ болушту”.

Дмитрий Цай ошондой эле быйыл аймактарда окутуу жаңы техника менен иштөө көндүмдөрүн камтыган жаңыланган программа боюнча жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Аталган билим берүү практикасынын катышуучусу өзүнүн таасири менен бөлүштү:

“Биз дээрлик күн сайын жаңы төрөлгөн балдардын, айрыкча, ара төрөлгөн балдардын дем алуу органдарынын көйгөйлөрүнө туш болобуз. Тренингдердин жүрүшүндө СИПАП жабдыктары жана СИПАП-терапиясы менен иштөөнү үйрөнөбүз – анын аркасында ара төрөлгөн балдар аман калышат! Ар бир неонатолог, ар бир неонаталдык медайым бул жерде үйрөнгө нерсени төрөт үйүндө кайталай алышы үчүн жана буга чейин жашоого шансы жок болгон балдар жашашы үчүн алган билимибизди бөлүшөбүз!”

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/