2024-жылдын 12-декабрында Анталия шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы китепканада Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан белекке китеп тапшыруу аземи өттү.
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 96 жылдыгына арналган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Анталия шаарындагы Башкы консулу Рустам Кошонов, Анталия шаарынын Муратпаша районунун мэри Үмит Уйсал, жана китепкананын директору Хатидже Эйилер катышты.
Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулдугунун демилгеси менен, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана улуу жазуучунун жакын туугандарынын колдоосу менен китепканага кыргыз жана түрк тилдеринде 220 нуска китеп тапшырылды.
Китепкана кыргыз маданиятын жана дүйнөгө таанымал жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын популярдаштыруубоюнча чоң иштерди жүргүзүп келет. Бул тууралуу өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Рустам Кошонов баса белгиледи.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
