Кыргызстан боюнча октябрда 760 миңден ашуун аял «Айымдардын ден соолугу!» республикалык бир айлыгынын алкагында профилактикалык кароодон өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул өлкөнүн жергиликтүү медициналык мекемелерине катталган жалпы аялдардын 50% түзөт.
Октябрдагы бир айлык Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» швейцариялык долбоорунун колдоосу менен өткөрүлдү.
Жыйынтыгында, 45 миңге жакын аялда кан басымынын жогорулашы биринчи жолу аныкталды, 10 миң аялда жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болуу коркунучу жогору экени белгилүү болду.
Ошондой эле, 5 600дөн ашуун аялда кант диабетинин жогорку коркунучу аныкталды. 300 аял эмчек безинин рагына, ал эми 550 аял жатын моюнчасынын рагына шектелип саламаттык сактоо системасынын үчүнчү деңгээлине жөнөтүлдү.
2023-жылдын октябрь айында 430 000ден ашуун аял баштапкы медициналык-санитардык жардам мекемелеринде профилактикалык скринингден өттү. 33 000ден ашууну контрольдук кароого кайрылып, алардын ичинен 1400 аялга гипертониялык оору диагнозу коюлду. Жугуштуу эмес оорулардын тобокелдик факторлору менен биринчи жолу аныкталган аялдар медициналык кароолор олуттуу ооруларды эрте аныктоодо жана контролдоодо өтө маанилүү роль ойной турганын белгилешти. Ошондой эле, калктын саламаттык сактоо тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу боюнча үзгүлтүксүз демилгелердин зарылдыгы белгиленди.
Жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, диабет жана өпкөнүн өнөкөт оорулары сыяктуу жугуштуу эмес оорулар Кыргызстанда жана дүйнө жүзүндө өлүмдүн негизги себептери болуп саналат. Бул оорулардын өнүгүшүнө негизги түрткү болгон факторлордун катарына туура эмес тамактануу, физикалык активдүүлүктүн жетишсиздиги, алкоголдук ичимдиктерди ичүү жана тамеки тартуу кирет.
Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган “Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоору сапаттуу баштапкы медико-санитардык жардам көрсөтүүгө бирдей мүмкүнчүлүк алуу жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу аркылуу Кыргызстан калкынын ден соолугун жана бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган. Долбоор Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарын камтыган Ал эми азыр, долбоор Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында иш алып барууда.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
