Ак-Босого конушундагы жаңы асфальтталган жол пайда болду
“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы Ак-Босого конушундагы №101 мектебинин жолдуна асфальт төшөп бүттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайы, буга чейин жолчулар эски асфальтты сыйрып, бордюрларды жана ирригация системасын орнотуу жана асфальт төшөө үчүн даярдык иштерин жүргүзүшкөн.
Окуучулардын жана мугалимдердин коопсуздугу үчүн тротуар капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, объекттеги негизги иштер аяктады. Жол белгилерин коюп, тиешелүү жол чийиндерин чийүү иштери пландалууда.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
