Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен жаш баланы издөө иштери уланууда
Ош шаарынын Жаңы-Маала айылында Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен 5 жаштагы баланы издөө иши уланууда.
ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бүгүн, 11-ноябрда издөө иштерине жалпы 71 адам тартылды.
Куткаруучулар Ак-Буура дарыясынын терең болгон жерлерин карап берүүгө чыкты.
Белгилей кетсек, 2019-жылы туулган С.И. аттуу жаш бала 9-ноябрда Ак-Буура дарыясынын жээгинде ойноп жатып дарыяга түшүп кеткени тууралуу жана издөө ишине көмөктөшүү боюнча кат Ош шаардык ШИИБи тарабынан 9-ноябрь күнү ӨКМге түшкөн.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
