Ак-Ордо конушунда эки мектеп, бала бакча жана оорукана курулат
Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Ак-Ордо конушунун тургундары менен жолукту.
Жолугушууда Ак-Ордо конушундагы Элмирбек Иманалиев көчөсүнүн күн чыгыш тарабындагы 18 га жерге республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, 750 орундуу эки мектеп куруларын айтты. Учурда 280 орундуу бала бакча жана 100 орундуу оорукананын курулуш-монтаждоо иштери жүрүүдө.
Курулуп жаткан социалдык объекттер заманбап үлгүдө, бардык шарттар менен салынат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
