Аксы райондук милициясына жаңы жетекчи дайындалды
КР ИИМдин буйругунун негизинде Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы кызматына Бектен Бекмуратов дайындалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жаңы дайындалган жетекчини Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Марлис Асанов Аксы райондук ички иштер бөлүмүн өздүк курамына тааныштырып, иштерине ийгиликтерди каалап ак ниетүүлүк менен кызмат өтөөгө чакырды.
Ошондой эле Бектен Бекмуратов Аксы районунун аймагында коомдук коопсуздукту сактоодо жана элдин милицияга болгон ишеничин артырууга багыт коюп кызмат өтөрүн белгиледи.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
