Аксы районундагы Жерге-Тал айылында курулган жаңы бала бакча ачылды - ИА Караван Инфо
Аксы районундагы Жерге-Тал айылында курулган жаңы бала бакча ачылды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Аксы районундагы иш сапары Жерге-Тал айылында уланып, бүгүн жаңы курулган 100 орундуу бала бакчанын ачылышына катышты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Алсак, аталган бала бакчанын курулушу 2022-жылы башталган. Ага “Ассанабиль” кайрымдуулук фонду каржылык жардам көрсөтүп, Нурланбек Шакиев өзүнүн резервдик фондунан да акча бөлгөн.

Төрага жаңы ачылган бала бакчадан Кыргызстанды эле эмес, ааламды багынткан азамат уул-кыздар өсүп чыксын деген тилегин билдирди.

Эскерте кетсек, төраганы билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Талантбек Иманакун уулу баштаган мекеме башчылары жана жергиликтүү жетекчилер коштоп жүрдү.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: