Акылбек Жапаров: 2027-жылы ИДП 2 триллионго жетет - ИА Караван Инфо
Акылбек Жапаров: 2027-жылы ИДП 2 триллионго жетет

2025-жылдын бюджети – бул жөн гана финансылык чыгымдардын планы эмес, бул мамлекеттин келечегинин жол картасы.  Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. 

Ал белгилегендей, 2026-2027-жылдарга экономисттердин прогноздору боюнча 2027-жылы ИДП 2 трлнго жетет.  Ал эми   консолидацияланган бюджет 2025-жылга – 700,5 млрд сомго пландаштырылса, 2027-жылы – 743,3 млрд сомго жетет. 

МинКаб башчысы ошондой эле профицит 26 млрд сомду түзүп, бул каражаттар   Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу – 2025-жылга 2,4 млрд. сом, Камбар-Ата-1 ГЭСине 2025-жылга 1,6 млрд. сом коротулаарын кошумчалады. Мындан тышкары мамлекеттик карызды тындырууга багытталатарын белгилеп, буга чейин алынган карыздын негизги суммасын көбүрөөк төлөө алдында турганыбызды билдирди.  

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: