Акылбек Жапаров: ИДПнын өсүү темпи 8,4% - ИА Караван Инфо
Акылбек Жапаров: ИДПнын өсүү темпи 8,4%

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Ал үстүбүздөгү жылдын 9 айына карата өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгарды. Ички дүң продукциянын өсүү темпи 8,4%ды, ал эми Кумтөр кенин иштетүүчү ишканаларды эсепке албаганда 9,7%ды түздү. Курулуштун дүң продукциясынын өсүш темпи 36,9%ды түздү. Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү 2023-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу аффинаждалган мунай продуктуларын (1,8 эсеге), жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфия ишин (32,5%га), тамак-аш азыктарын (анын ичинде суусундуктарды) жана тамеки буюмдарын (22,6%га), текстиль өндүрүшүндө, кийим өндүрүшүндө (13,2%га), желим, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүүдө (8,8%га), ошондой эле фармацевтика продукциясында (5,9%га) өндүрүү көлөмүнүн өсүшү менен камсыз кылынды. 

“Биздин экономиканын өсүү темпи кубандырбай койбойт. Биз “Илбирстин секириги” программасын ишке ашырып, алдыга койгон амбициялуу максаттарыбызга жана милдеттерибизге жакындап жатабыз”, — деди Акылбек Жапаров. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: