Акылбек Жапаров: Кыялдар ишке ашарын бүт дүйнөгө көрсөтөбүз - ИА Караван Инфо
Акылбек Жапаров: Кыялдар ишке ашарын бүт дүйнөгө көрсөтөбүз

«Илбирстин тайманбастыгы менен кадам таштасак, 2030-жылга чейин өлкөбүз башкаларга үлгү гана болбостон, кыялдар ишке ашарын бүт дүйнөгө көрсөтөбүз деп терең ишенем», – деди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттик администрациясынын аппараттык жыйынында.

МинКаб башчысы 14-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Республикалык бюджетке тиешелүү маанилүү мыйзам долбоорлорун биринчи окууда кабыл алууга 90 депутаттын 85и «макул» деп добуш бергенин, бул көрсөтүлгөн ишке болгон ишенимдин жогорку деңгээлин тастыктаарын белгиледи.

«Министрлер Кабинетинин аткарылган иштер боюнча жыйындысына көптөгөн жылуу сөздөр жана оң пикирлер айтылды, бул биздин биргелешкен ишибизке бекем колдоо жана урматтоодон кабар берет. Биз муну менен эле токтоп калбайбыз. Иштин ыргагын түшүрбөшүбүз керек, алдыда бизди Элдик Курултай жана 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин отчеттук жыйыны күтүүдө», – деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө Акылбек Жапаров өлкөнүн экономикалык өсүү индикаторлорунун катышы, көз карандысыз Эл аралык Республикалык Институттун (IRI) изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын жана 2019-2024-жылдар аралыгындагы жарандардын кайрылууларын кабыл алуу боюнча маалыматтарды камтыган комплекстүү талдоо менен тааныштырды. 

Талдоо натыйжалары төмөнкү негизги тенденцияларды көрсөтөт:

«Биз бул көрсөткүчтөр жүргүзүлүп жаткан саясат реалдуу натыйжаларды берип, экономиканын өсүшүнө, элдин бийликке болгон ишенимин бекемдеп, социалдык чыңалууну басаңдатып жатканын тастыктайт деп ишенебиз. Жарандар менен өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүүнү улантуу маанилүү. Эл кайрылган маселелердин көбү жер-жерлерде чечилет жана чечилүүгө тийиш. Мамлекет ар дайым колдоого, жардам берүүгө даяр ишенимдүү таяныч экенин эл билип, сезиши керек », – деди ал.

Ошондой эле, МинКаб башчысы Дүйнөлүк банктын 2021-жылдын декабрынан 2024-жылдын октябрына чейинки мезгилдеги калктын социалдык-экономикалык бакубаттуулугу боюнча «Кыргыз Республикасын тыңдайбыз» мониторингинин акыркы маалыматтары менен тааныштырды.

Бул мониторинг төмөнкүлөрдү билдирет:

Сөзүнүн аягында МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров 2030-жылга карата ИДПнын көлөмүн 30 миллиард АКШ долларына жеткирүү керектигин эске салды. Бул үчүн ИДПнын жылдык номиналдык өсүшүн 12-13% деңгээлинде кармап туруу зарыл.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: