Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Исламабад шаарында (Пакистан Ислам Республикасы) өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Кеңешинин 23-жыйынына катышты.
МинКаб башчысы Акылбек Жапаров аймак боюнча транспорттук-логистикалык инфраструктураны өркүндөтүү, ошондой эле жаңы эл аралык каттамдарды түзүү үчүн биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу зарылдыгына токтолуп, деңиз кемеси менен кургактагы темир жол байланыштарынын ортосунда жүк ташуу логистикасын айкалыштыруу зарылчылыгын билдирди.
“Мындай мамиле атаандаштыктын ордуна, өзгөчө Евразия континентинин борборун кесип өткөн темир жол линиялары үчүн олуттуу жеңилдиктерди пайда кылып, бул жүк ташуу маршрутун 1000 кмге чейин кыскартууга мүмкүндүк берет. Ушуга байланыштуу жана аймактагы транспорттук инфраструктураны жакшыртуу максатында эл аралык автомобиль ташуулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча Макулдашууну ишке ашыруу маанилүү. Биз Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча ишке ашырылып жаткан долбоор аймактын транзиттик потенциалын толук ачууга карай олуттуу кадам болоруна ишеним билдиребиз”-деди ал.
Андан аркы сөзүндө Акылбек Жапаров соода-экономикалык кызматташтык долбоорлорун ишке ашыруу жана ШКУнун институционалдык өнүгүүсү үчүн, Өнүктүрүү банкын жана ШКУнун өнүктүрүү фондун түзүү маселелерин тез арада чечүү зарылчылыгын, ошондой эле ШКУнун инвестициялык фондун түзүү боюнча консультацияларды улантуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Ошондой эле ал, санариптештирүү жана жаңы технологияларды колдонуу экономиканы өнүктүрүүдө жана соода жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүдө маанилүү ролду ойноорун белгиледи. Бул багытта Акылбек Жапаров жыйындын катышуучуларына, 2024-жылдын 4-июлунда Астана шаарында өткөн ШКУ саммитинин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун, ШКУнун жаштарынын санариптик форумун 2025-жылы Бишкекте өткөрүү ниетин эске салып, тараптарды бул иш-чарага катышууга чакырды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
