Акылбек Жапаров: ШКУнун дүйнөлүк экономикадагы үлүшү болжол менен 25% жетти - ИА Караван Инфо
Акылбек Жапаров: ШКУнун дүйнөлүк экономикадагы үлүшү болжол менен 25% жетти

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Исламабад шаарында (Пакистан Ислам Республикасы) өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Кеңешинин 23-жыйынына катышты.

Жыйында МинКаб башчысы Акылбек Жапаров сөз сүйлөп, ШКУ кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн берип, динамикалуу өнүгүүсүн улантып жатканын белгиледи. Ал белгилегендей акыркы 15 жылдын ичинде катышуучу өлкөлөр олуттуу экономикалык прогрессти көрсөтүп, 2009-жылдан бери ШКУга мүчө-мамлекеттердин жалпы ИДПсы эки эседен ашык өстү. Уюмдун дүйнөлүк экономикадагы үлүшү болжол менен 25%га жетип, ШКУ өлкөлөрүнүн тышкы соода жүгүртүүсү 250%, өз ара инвестициянын көлөмү дээрлик төрт эсе өстү.

“Бул жетишкендиктер, туура стратегия менен дүйнөлүк өсүштүн драйвери боло ала турган аймактын жогорку потенциалын тастыктайт”-деген Акылбек Жапаров, андан аркы сөзүндө учурдагы татаал глобалдык геосаясий кырдаалды эске алуу менен Уюмдун потенциалын толук пайдалануу боюнча узак мөөнөттүү стратегияны кабыл алуу зарылчылыгын белгилеп, Кыргыз Республикасы ШКУнун 2035-жылга чейинки өнүгүү стратегиясынын тез арада кабыл алынышын жактай турганын билдирди. 

Ошондой эле ал, тараптарды ШКУга мүчө мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташуу программасын жана 2030-жылга чейинки мезгилге ШКУнун Экономикалык өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти күчөтүүгө чакырды. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: