Акылбек Жапаров жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого добуш берди - ИА Караван Инфо
Акылбек Жапаров жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого добуш берди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депуттарын шайлоого добуш берүүгө катышты. 

Анда МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы № 71 жалпы билим берүүчү мектепте жайгашкан № 1142 шайлоо участкасына барып өзүнүн добушун берди.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жүрүүдө, республика боюнча 2443 шайлоо участогу уюштурулган. 

Өлкөнүн жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоону өткөрүү 2024-жылдын 17-ноябрына “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таратуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык дайындалган.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: