«Акын» документалдуу фильминин премьерасы болду
Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө 25-ноябрда “Акын” даректүү тасмасынын бет ачары болду.
Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, режиссёр Ракыя Шаршенованын жаңы эмгеги белгилүү кыргыз акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жолон Мамытовдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу баяндайт.
Тасма “Маек” киностудиясында тартылган.
Тасманын сценарийи – Абибилла Пазыловго таандык, оператор – Жуманазар Койчубеков, музыка – Флора Газиева, продюсер – Мария Абакирова.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
