Акыркы 2023-жылы 50млрд  сом пайда алып жатасынар - ИА Караван Инфо
Акыркы 2023-жылы 50млрд  сом пайда алып жатасынар

19-ноябрда “Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдө керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам  долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол өттү. 

Тегерек столго Жогорку Кеңештин депутаттары, Улуттук Банктын, Экономика министрлигинин, Юстиция министрлигинин адистери, жабырлануучулар, банктардын, микрофинансылык уюмдардын өкүлдөрү катышты. 

Депутат Шарапаткан Мажитова белгилегендей, сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык,   мыйзамда  белгиленген чектен жогору пайыз менен насыя берген жактарга   жоопкерчиликти күчөтүү, аларга айып пул салуу каралууда.

“Ошондой эле 2010-жылы кабыл алынга мыйзамда орточо пайыздык чен  15% болсо, азыр 3% жана 7% га токтолуп жатабыз”, – деди депутат Шарапаткан Мажитова. Аны менен катар кредитор менен карызкордун соттук териштирүүсү учурунда пайыздын, туумдун өсүүсүн да токтотуу сунушталууда.

Тегерек столдо катышуучулардын бири Абдумалик Кудайбердиев     учурда банктарда пайыздык чен 36%, кредиттик союздарда 60%га чейин көтөрүлүп жатканын айтып, 5000$  насыя үчүн 100 миң долларлык үйлөрүнөн ажырап жаткандарды мисал келтирди.  Ошол эле учурда банктар акыркы жылдары болуп көрбөгөндөй пайда таап жатканы  айтылды.

“Акыркы 2023-жылы 50млрд  сом пайда алып жатасынар. Кредиттик союздар 11 млрд пайда көргөн”, – деди Абдумалик Кудайбердиев. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: