Алматыда авариялык эскертүү системасы текшерилет
17-октябрда Алматыда Mass Alert авариялык эскертүү системасынын масштабдуу сыноосу өтөт. Эми ага iPhone колдонуучулары да кошулат.
Мегаполистин тургундары жана коноктору кабатыр болбошу керек: бул жөн гана системалык тест. Мобилдик түзмөктөргө “Улуттук эскертүү” же “Президенттик эскертүү” деп аталган тесттик билдирүү жөнөтүлөт. Мындай ысымдар бүткүл дүйнөдө шашылыш билдирүүлөр үчүн колдонулат.
Белгилей кетчү нерсе, iPhone’догу эскертмелер iOS 18 операциялык системасы бар түзмөктөрдө гана келет, ошондуктан алматылыктарга гаджеттерин ушул версияга жаңыртуу сунушталат.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын май айында система буга чейин Android түзмөктөрү үчүн сыноодон өткөн. Азыр система iPhone колдонуучулары үчүн сыналууда.
Сүрөт: Алматы акимиаты

