Алматыда эмчек рагына каршы дары-дармектер чыгарыла баштады. Бул Алматы фармацевтикалык фабрикасынын эл аралык Рош жана Нобель компаниялары менен биргелешкен долбоорунун аркасында мүмкүн болду.

Мындай дарыларды өндүрүүнү локалдаштыруу онкологиялык ооруларды дарылоонун инновациялык ыкмаларына казакстандыктардын жеткиликтүүлүгүн кыйла жакшыртат жана бейтаптардын өмүрүнүн узактыгын жогорулатат.
Жаңы өндүрүштүн ачылышы Казакстандын 2029-жылга чейинки улуттук өнүгүү планын ишке ашыруудагы кадам болуп саналат. Бул пландын алкагында дүйнөлүк фармацевтикалык компаниялар менен кызматташууну кеңейтүү, инвестиция тартуу жана технологияларды трансферттөө каралууда, бул импорттук дарыларга көз карандылыкты азайтып, аларды калк үчүн жеткиликтүү кылат.Сүрөт: Казакстан Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
