Бишкек, 2026-жылдын 13-июлу – Karavan Info маалымат агенттиги. Ысык-Көлдө жайкы сезондун биринчи түз каттамы , Алматы–Тамчы–Алматы , расмий түрдө ачылды. Кыргыз авиакомпаниясынын учагы 10-июлда Тамчы эл аралык аэропортуна конду.

Жаңы каттам Казакстан менен Ысык-Көлдүн жээгинин ортосунда жайкы аба каттам программасын ачып, туристтер үчүн саякаттоону ого бетер ыңгайлуу кылат.
Түз каттамдар 2026-жылдын сентябрь айына чейин жумасына эки жолу, дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат. Учуунун узактыгы болжол менен бир саатты түзөт.
Ысык-Көл эл аралык аэропортунда алгачкы жүргүнчүлөр майрамдык маанайда тосуп алынды. Коноктор үчүн расмий азем өткөрүлүп, улуттук кийимчен жаш кыздар аларды тосуп алып, кыргыз меймандостугу менен тааныштырышты.
Жаңы аба каттамынын ачылышы Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы туризм жана ишкердик байланыштарды чыңдоого, ошондой эле Алматы шаарынын тургундары үчүн Ысык-Көлдөгү эс алууну жеткиликтүү кылууга багытталган.
Сүрөт: airport .kg (airport.kg)
