Аскер прокуратурасы тарабынан чек ара кызматкери кармалды - ИА Караван Инфо
Аскер прокуратурасы тарабынан чек ара кызматкери кармалды

Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Чек ара кызматындагы “Ак-Жол Автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктунун улук контролеру Н.Р.А. кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. 

Ал өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда мыйзам талаптарын одоно бузуп, укук коргоо органдарынын оор кылмыш боюнча З.И.К. аттуу шектүү жаранды кармоо тууралуу оперативдик тапшырмасын аткарган эмес.

Бул мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында кылмышка шектүү жаран жоопкерчиликтен качууга мүмкүнчүлүк алган.

Кармалган кызматкер Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына киргизилди. 

Тергөө иштери Аскер прокуратурасынын тергөө башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: