Аскер прокурору Коопсуздук жана Конвой кызматын санариптештирүү тажрыйбасы менен бөлүшүүгө чакырды - ИА Караван Инфо
Аскер прокурору Коопсуздук жана Конвой кызматын санариптештирүү тажрыйбасы менен бөлүшүүгө чакырды

Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматында  Аскер прокурору, юстициянын полковниги Жыргал Исмаилов катышуусунда кеңешме болуп өттү. 

Кеңешменин алкагында Аскер прокурору Исмаилов Жыргал Рысбекович кызматтын ишмердүүлүгү, аскер шаарчасынын аймагы, оорук-чарбасы жана өздүк курамдын күнүмдүк тиричилиги менен жакындан таанышты. Бул таанышуунун жүрүшүндө прокурор Кызматтын өздүк курамдын тиричилик шарттарын жакшыртууга багытталган алдыңкы жетишкендиктерин белгилеп, санариптештирилген тармактар боюнча оң пикирин билдирди. 

Исмаилов Жыргал Рысбекович ошондой эле Кызматтын жетекчилигин санариптештирүү, оорук тармагын жакшыртуу боюнча тажрыйбаларын башка күч түзүмдөрү менен бөлүшүүгө чакырды. Төрага полковник Джанузаков Адилет ушул жылдын октябрь айында ишке киргизилген Санарип башкаруу пункту менен тааныштырып, Кызматка жүктөлгөн күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда санариптештирүүнүн натыйжалуу көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берди.

Кызматтын ишмердүүлүгү менен таанышуудан соң, кеңешмеге катышкан төраганын орун басарлары, башкармалыктардын башчылары кызматтык багыттар боюнча баяндама жасашты. 

Прокурор өз баяндамасында Аскер прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн алкагында аныкталган айрым аскер кызматчылары тарабынан мыйзам бузууларга жол берилген учурларды белгилеп, аскердик тартиптин абалына басым жасап, кызмат адамдары тарабынан мыйзамдын катуу сакталышын эскертти. Эң негизги милдет катары мамлекеттин кызыкчылыктарын сактоо менен аскер кызматчыларынын укуктары жана мыйзам менен каралган эркиндиктери так сакталышы зарыл экендигин белгиледи. 

Кеңешме жыйынтыгында, тараптар кызматтын ишин жакшыртуу, санариптештирүүнү өнүктүрүү жана аскердик тартипти бекемдөө боюнча конкреттүү сунуштар менен чыкты. Кызматтын жетекчилиги жана прокуратура кызматкерлери биргеликте кызматтын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган иштерди улантууга сөз беришти.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: