Аскердик кармаш уруш боюнча республикалык ачык чемпионат жыйынтыкталды
Бишкектеги “Динамо” спорт комплексинде 15-ноябрда аскердик кармаш уруш боюнча ачык чемпионат жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.
Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы дипломдор жана медалдар тапшырылды.
Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген 150 дөн ашык спортчу катышты.
Белгилей кетсек, биринчилик Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата, генерал майор Эргеш Алиевдин жаркын элесине арналып өткөрүлгөн.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
