Ассоль Молдокматова Эл аралык элдик дипломатия шериктештигинин вице-президенти болуп шайланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 21-ноябрда Казакстандын Астана шаарында элдик дипломатия боюнча форум өтүп, оффлайн жана онлайн форматта дүйнөнүн 10 миңден ашуун катышуучусун бириктирди.
Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Ассоль Молдокматова Эл аралык элдик дипломатия шериктештигинин вице-президенти болуп расмий түрдө шайланды.
Ассоль Молдокматова көп жылдан бери элдер арасындагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөдө активдүү иш жүргүзүп келет. Анын элдик дипломатияны өнүктүрүүгө жана тынчтыкты сактоого кошкон зор салымы жогорку эл аралык сыйлык — Аль-Фараби алтын медалы менен белгиленген.
Элдик дипломатия форуму этностор аралык кызматташтык, маданий алмашуу жана тынчтыкты сактоо демилгелери боюнча негизги маселелерди талкуулоонун маанилүү аянтчасына айланды. Форумдун катышуучулары элдик дипломаттардын дүйнөлүк тынчтык маданиятын калыптандыруудагы ролун өзгөчө белгилешти.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
