Азия-Тынч океан аймагындагы жогорку билим боюнча QS Pre-Summitте ОшМУнун тажрыйбасы тууралуу сөз болду - ИА Караван Инфо
Азия-Тынч океан аймагындагы жогорку билим боюнча QS Pre-Summitте ОшМУнун тажрыйбасы тууралуу сөз болду

Казакстандын Алматы шаарындагы Аль-Фараби атындагы Казак мамлекеттик университетинде 1-ноябрда Азия-Тынч океан аймагындагы жогорку билим боюнча 2024 QS пре-саммити башталды.

Ага катышып жаткан ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков  “Мамлекеттик органдардын, академиялык жана бизнес-коомчулуктардын интеграциясы аймактын туруктуу өнүгүүсүнө жетишүү үчүн инновациялык ыкма катары: ОшМУнун тажрыйбасы” деген темада баяндама жасады. Баяндамада классикалык университеттерди улуттук изилдөөчү окуу жайларга жана төртүнчү муундагы университеттерге трансформациялоо багытында  ОшМУдагы жасалып жаткан иштер, тажрыйбалар камтылган.

Аталган саммит ушул жылдын 5-7-ноябрында Кытайдын Макао шаарында, 8-ноябрда Гонконгдогу Лингнан унивеситетинде өтөт.

ОшМУ 2024-жылы дүйнөдөгү алдыңкы QS Quacquarelli Symonds уюму тарабынан сунушталган QS Stars Эл аралык университеттер рейтингинде “төрт жылдыздуу университеттердин” катарына кирген.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: