Бүгүнкү күндө Россияда соттолгондордун саны 1370 адамды түзөт - ИА Караван Инфо
Бүгүнкү күндө Россияда соттолгондордун саны 1370 адамды түзөт

Бүгүн, 16-декабрда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү эмгекчи-мигранттарынын социалдык-укуктук абалын жакшыртуу жана укуктарын коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 1991-VII токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу  маалыматты укту. 

Комитеттин төрагасы Улан Примов чет өлкөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан мекендештер боюнча маалымат сурады.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева маалымдагандай, бүгүнкү күндө Россия Федерациясында соттолгондордун саны 1370 адамды түзөт, быйыл сот органдарынын чечимдеринин негизинде 103 соттолгон адам которулуп, 70 адам этап алдында турат. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: