КР ИИМдин БМЖКККнын башкармалыгынын башчысы Марсель Дооталиев башында турган Кыргызстандын делегациясы 2024-жылдын 18-ноябрында Душанбе шаарында Борбор Азия өлкөлөрү үчүн БУУнун БКБнын программасынын жетектөөчү комитетинин отурумуна катышты. Бул тууралуу КР ИИМден билдиришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө Борбордук Азия өлкөлөрүнүн, донор мамлекеттердин, БУУ БКБ жана профилдик эл аралык уюмдардын делегациялары аймакта баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан учурдагы чакырыктарды жана коркунучтарды жана трансулуттук уюшкан баңги кылмыштуулугуна каршы аракеттенүүдө, мыйзамсыз баңги кирешелерин мыйзамдаштырууда/адалдоодо, жазык сот адилеттигин жүзөгө ашырууда, баңгизаттарды кыянаттык менен пайдаланууну болтурбоодо, ошондой эле баңгизаттар менен күрөшүү жаатында кыйла натыйжалуу чараларды кабыл алуу үчүн мониторинг, талдоо жана изилдөө жүргүзүү маселелерин талкуулашты.
Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча катышуучулар 2025-жылга карата Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн БУУнун БКБнын программасынын алкагында өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныкташты.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
