Улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн алдында Кыргызстандын Азербайжандагы элчилигинин демилгеси менен анын эстелигине гүлчамбар коюу боюнча салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Иш-чарага Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов, ошондой эле эки өлкөнүн достук депутаттык топторунун жетекчилери: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Саидбек Зулпуев жана Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин депутаты Муса Гулиев катышты.
Элчилик тарабынан уюштурулган бул иш-чара Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине болгон терең урмат-сыйдын белгиси болуп, анын чыгармалары дүйнөлүк адабиятка жана Кыргызстан менен Азербайжандын маданий байланыштарын чыңдоого кошкон баа жеткис салымын дагы бир жолу баса белгиледи.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
