Бишкек, 2026-жылдын 16-июну – Karavan Info маалымат агенттиги. Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев алдыңкы эл аралык компаниялардын жетекчилерин, мамлекеттик кызматкерлерди жана бизнес өкүлдөрүн чогулткан 7-Трансулуттук корпорациялардын лидерлеринин саммитине катышып, сөз сүйлөдү.

Бакыт Төрөбаев өз сөзүндө ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн рухунда динамикалуу өнүгүп жаткан кыргыз-кытай мамилелеринин жогорку деңгээлин белгиледи. Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду. 2025-жылдын аягына чейин Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүү рекорддук 27 миллиард долларга жеткени баса белгиленди.
Бакыт Төрөбаев өлкөнүн экономикалык трансформациясын белгилеп, саммиттин катышуучуларына өнөр жайды өнүктүрүүгө, инфраструктураны модернизациялоого, энергетикалык коопсуздукту чыңдоого жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга багытталган жүргүзүлүп жаткан реформалар жөнүндө маалымат берди.
Презентацияда Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын артыкчылыктары, ошондой эле транспорттук инфраструктура, энергетика, билим берүү жана саламаттыкты сактоо жаатындагы келечектүү долбоорлор көрсөтүлдү. Катышуучулар темир жол байланыштарын өнүктүрүү, кайра жаралуучу энергия булактарын куруу жана заманбап өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүү боюнча демилгелерге өзгөчө кызыгышты.
Жыйынтыктап айтканда, Бакыт Төрөбаев дүйнө жүзүндөгү трансулуттук корпорацияларды Кыргызстан менен активдүү кызматташууга чакырып, Кыргыз Республикасынын инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана аймакта туруктуу өнүгүүнү жана экономикалык өсүштү камсыз кылган өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууну колдоого даярдыгын баса белгиледи.
Ачылыш аземинде Кытай Эл Республикасынын вице-президенти Хань Чжэн кытай тараптын атынан куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалыгынын алкагындагы алдыдагы иш-чаралар боюнча кыскача пикир алмашуу болду.
Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
