Баткен облусунун аймагында бүгүн, 14-октябрында 25 объект жер-жерлерде онлайн режиминде ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Объекттер Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Баткен облусунун жана Баткен шаарынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата ачылды.
Төмөнкү объекттер ачылды:
1.Баткен Электр тармактар ишканасынын административдик имараты;
2.Баткен шаарындагы 7 кызматтык турак үйлөр;
3.Баткен шаарынын борбордук стадионундагы спорт зал;
4.Баткен шаарынын “Жеңиш” эс алуу багындагы рестпоинт;
5.Баткен районунун Боз-Адыр айылындагы спорт зал;
6.Баткен районунун Мадыген аймагындагы бийиктиктен кароо аянтчасы;
7.Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн административдик имараты;
8.Баткен районунун Ак-Татыр айылындагы спорт зал;
9.Кадамжай районундагы агрохимия лабораториясы;
10.Кадамжай шаарындагы логистикалык борбор;
11.Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагындагы “Жаш Талимтай” балдар;
12.Кадамжай шаарындагы 8 кызматтык турак үйлөр;
13.Кадамжай шаарынын аймагындагы “Улыбка” балдар бакчасы;
14.Кадамжай районунун Ормош айылындагы логистикалык борбор;
15.Лейлек районунун Бешкент айылындагы “Лайли” орто мектеби;
16.Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы “NOVA” мектеби
17.Раззаков шаарындагы 5 кызматтык турак үйлөр;
18.Лейлек районунун “Саркент” жаратылыш паркындагы 3 а-фрейм үйлөрү;
19.Лейлек районунун Максат айылынын административдик имараты;
20.Лейлек районунун Кара-Суу айылындагы маданий борбор жана тигүү цехи;
21.Сүлүктү шаардык электр тармактар ишканасынын административдик имараты;
22.Сүлүктү шаарындагы аялдардын сырткы кийимин тигүүчү цех;
23.Сүлүктү шаарындагы килем токуучу цех;
24.Сүлүктү шаарында брекет чыгаруучу ишкана;
25.Кызыл-Кыя шаарындагы 6 кызматтык турак үйлөр;
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
