Баткен: эттин баасын негизсиз көтөрбөө керектиги айтылды - ИА Караван Инфо
Баткен: эттин баасын негизсиз көтөрбөө керектиги айтылды

Баткенде азык-түлүк базарларында эттин баасын туруктуу кармоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти. 

Жыйынга облус башчысынын орун басары Тимур Мадяров жана райондук администрация, шаардык мэриянын жетекчилери жана тийиштүү органдар, эт өндүрүүчүлөр катышты.

Анда облус аймагында уй жана кой эттери калк үчүн жеткиликтүү баадан жогору көтөрүлүшүнө жол бербөө, алдын алуу аракеттерин көрүү зарыл экени айтылды.

Тимур Мадяров бир эле эттин баасын эмес бир катар социалдык багыттагы тамак-аш продукцияларына күн сайын мониторинг жүргүзүп туруу керектигин баса белгилеп, тийиштүү органдарга тапшырмаларды берди.

Жыйында мал соючу жайлардын ээлери жана эт сатуучуларга эттин баасын негизсиз көтөрбөө жагы эскертилди. Белгилей кетсек, монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин берген маалыматанда эттин баасы 30 сомдон 50 сомго чейин жогорулаган.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: