Баткен шаарында БР маркасындагы көмүрдү кымбат баада саткан соодагерлерге карата чара көрүлүп, айып салынат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Калк тарабынан суроо-талапка жогорку болгон аталган маркадагы көмүрдүн баасы шаардын аймагында 8 сом 50 тыйындан ашпоосу керек.
Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, 23-ноябрда Баткен шаарынын борбордук базарынын аймагында көчмө жыйын өттү, ага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяровдун жетекчилиги астында өтүп, ага шаар мэри Имамназар Бурканов баштаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, тийиштүү бардык мамлекеттик кызматтардын адистери катышты.
Иш-чаранын максаты — шаардын борбордук көчөлөрүн иретке келтирүү, тартипти жана тазалыкты сактоо.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
