Баткен – Согди – Фергана облустарынын башчылары жолугушту - ИА Караван Инфо
Баткен – Согди – Фергана облустарынын башчылары жолугушту

Бүгүн  КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода, Өзбекстандын Фергана облусунун хокими Хайрулло Бозаровдор жолугушту. 

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу Тажикстандын Гулистан шаарында өттү.

Жетекчилер 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарып,өлкө башчыларынын жетекчилиги астында, чек ара аймактарында тынчтык сакталып, чек аралар макулдашылып, коопсуздук камсыздалганын белгилешти.

Анын натыйжасында, кошуна жайгашкан кыргыз-өзбек-тажик элдеринин ынтымагын бекемдөөгө, облустардын кызматташуусуна шарт түзүлгөнүн ырасташты.

“Биздин мамлекеттердин башчыларынын саясий эркинин, акылмандыгынын жана тынчтыкка умтулуусунун аркасында, биздин достукту, стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоо, кызматташтыкты кеңейтүү боюнча иш-чаралар системалуу жана ырааттуу ишке ашырылып жатат, бул стабилдүүлүктүн сакталышына жана элдерибиздин бакубаттуулугунун жакшырышына өбөлгө болууда”, – деп белгиледи Абдикарим Алимбаев.

Чектеш облустардын башчылары кызматташуу жаатында соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, инвестициялык жана туризм жаатында кызматташуу ниеттерин билдирип, 2025-жылга кызматташуу боюнча жол карталарына кол коюушту жана аны активдүү ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: