Баткенде эл аралык айыл чарба жарманке-фестивалы өттү - ИА Караван Инфо
Баткенде эл аралык айыл чарба жарманке-фестивалы өттү

Баткенде эл аралык айыл чарба жарманке-фестивалы өттү, деп билдирет облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы. 

Иш-чаранын расмий бөлүгүнө президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев баштаган жергиликтүү жетекчилер, Өзбекстандын Сох жана Рыштан райондорунун жетекчилиги катышты.

Жарманкеге жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен катар, Өзбекстандын Сох, Рыштан райондорунун дыйкан фермерлеринин, ишкерлеринин өндүргөн продукциялары коюлду.

Иш чаранын максаты- элди арзан баадагы органикалык азык түлүктөр менен камсыздоо, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн продукцияларын тартуулоо, кыргыз-өзбек элинин ынтымагын, ишкерлеринин кызматташтыгын чыңдоо.

Жарманке кыргыз-өзбек маданият өкүлдөрүнүн катышуусундагы маданий иш-чаралар менен коштолду.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: