Баткенде жер титирөө катталды
Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды, деп билдирет КР ӨКМдин басма сөз кызматы.
КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн саат 13:34тө катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөө Баткен облусунун Лейлек районундагы Ак-Чечек айылында 2 баллга (Ак-Чечек айылынан 13 чакырым түштүк чыгышта, Жаңы-Жер айылынан 13 чакырым түндүк чыгышта, Баткен шаарынан 65 чакырым түндүк батышка) чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
