Баткен облусунда ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы тарабынан уюштурулган окуу семинары өтүүдө.
Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаарлары жана Баткен, Кадамжай, Лейлек районунун ички иштер бөлүмдөрүнүн жана социалдык камсыздоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине 2024-жылдын 7-августунда кабыл алынган “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 161-мыйзамында каралган өзгөртүүлөрү боюнча окуу-семинары өткөрүлүүдө.
Бул семинарда мыйзамда каралган коргоо ордери 30 күнгө берилүүсү, андагы тобокелдиктерди баалоо протоколун түзүү үйрөтүлдү.
Мындан тышкары, зомбулук жасаган адамдын жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп түзөөчү программалар талкууланды.
Ошондой эле ИИОнун кызматкерлери тарабынан зордук-зомбулук менен күрөшүүдөгү иш-аракеттер жана көрүлүүчү чаралары каралды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
