Баткен шаарында өткөн “Баткендин өнүгүүсү – өлкөнүн өнүгүүсү” II эл аралык инвестициялык форумунун алкагында төрт меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, алар:
Белгилей кетсек, 12-октябрда Баткенде “Баткенди өнүктүрүү — өлкөнү өнүктүрүү” аталыштагы 2-чи инвестициялык форуму өттү.
Иш-чара Кыргызстан менен Кытайдын, Россия Федерациясынын, Өзбекстандын, Түркиянын жана башка бир катар мамлекеттердин бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнүн ортосунда конструктивдүү диалогду куруу үчүн жакшы аянтча болду.
Форумдун жүрүшүндө энергетика, туризм, айыл чарба, өнөр жай, логистика жана эл аралык жүк ташуу, ошондой эле кичи жана орто бизнестин өз ара аракеттенүүсүнө тиешелүү темалар кеңири талкууланып, бир катар маанилүү макулдашууларга жетишилди.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
