Бельгияда «Кыргыз текстиль» презентациясы болуп өттү - ИА Караван Инфо
Бельгияда «Кыргыз текстиль» презентациясы болуп өттү

Экономикалык дипломатияны илгерилетүү алкагында 2024-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы элчилигинде европалык өнөктөштөрдү Кыргызстандын жеңил өнөр жай продукциялары менен тааныштыруу максатында «Кыргыз текстиль» презентациясы болуп өттү.

“Кыргыз текстиль”  кийимдердин экспозициясында Toolai, Nariste, Sabi Fashion, Larrus, Duet.Clo, Mona Lisa, Aziar, Lichi, Premium, Chopa, MS For You, Ago In Style, Merry Co, Sannara, Fenix Fly, Baziko, Guliza, First Fashion, Raima, Nusha Apparel, Janel Fabric, White Orange жана Sollisa сыяктуу ата мекендик бренддердин продукциялары чыгарылды.

Презентацияга Фландрия инвестиция жана соода агенттигинин (FIT), Бельгиянын Тышкы иштер министрлигинин, Европанын тышкы аракеттенүү кызматынын, Еврокомиссиянын, Diplomatic World басылмасынын өкүлдөрү жана Борбор Азия боюнча адистер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар КРнын тигүү тармагынын тарыхы, учурдагы абалы жана анын өнүгүү перспективалары менен таанышып, ошондой эле кыргыз текстилинин Евробиримдиктеги атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү кандай факторлордон көз каранды болоорун талкуулашты.

Көргөзмө улуттук кыргыз тамак-ашынан даам татуу жана Кыргызстандын туристтик жана инвестициялык потенциалы менен таанышуу менен аяктады, бул конокторго өлкөбүздүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу толук маалымат алууга мүмкүндүк берди.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: