Белгилүү машыктыруучу Токсонбай Асанов дүйнөдөн кайтты - ИА Караван Инфо
Белгилүү машыктыруучу Токсонбай Асанов дүйнөдөн кайтты

Үстүбүздөгү жылдын 9-ноябрында 60 жаш курагында белгилүү машыктыруучу, СССРдин эркин күрөш боюнча спорт чебери, көрүнүктүү педагог жана илимпоз, Кыргыз Республикасынын улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекциясынын экс-директору Токсонбай Асанов дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. 

Өмүр баяны:

Токсонбай Озубекович Асанов  1963-жылдын 10-декабрында туулган.

Билими: Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институту (1990-ж.), кесиби – машыктыруучу-окутуучу. Ж. Баласагын атындагы КМУнун аспирантурасы (2004-ж.).

Илимий даражасы: Педагогика илимдеринин кандидаты, доцент.

Эмгек тажрыйбасы:

1990–1999: И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинде дене тарбия кафедрасынын окутуучусу, улук окутуучусу.

1999–2001: Ж. Баласагын атындагы КМУда дене тарбия жана спорт кафедрасынын доценттин милдетин аткаруучу.

2001–2005: Ж. Баласагын атындагы КМУда дене тарбия жана спорт кафедрасынын башчысы.

2006–2007: Ж. Баласагын атындагы КМУда гуманитардык факультеттердин дене тарбия кафедрасынын башчысы.

2007–2009: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикте аялдар күрөшү боюнча башкы машыктыруучу.

2009–2010: Ж. Баласагын атындагы КМУда дене тарбия, ден соолук жана спорт борборунун директору.

2010–2011: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу улуттук жана колдонмо спорт түрлөрү боюнча СДЮШОРдун директору.

2011–2017: Кыргыз Республикасынын Жогорку Аттестациялык комиссиясынын диссертациялык кеңешинин мүчөсү.

2017- Кыргыз Республикасынын улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекциясынын директору

2024 – Бишкек шаарындагы оор атлетика мектебинин кызматкери

Наамдары жана сыйлыктары:

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу

СССРдин эркин күрөш боюнча спорт чебери

Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн отличниги

Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт отличниги

Эркин күрөш боюнча улуттук категориядагы калыс

Дене тарбия жана спорт департаменти Токсонбай Озубековичтин уй-бүлөсүнө, бир туугандарына жана жакындарына терен кайгыруу менен көнүл айтабыз.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: