Билим берүү системасы 11,25 миллиард сомду эмнеге жумшайт? - ИА Караван Инфо
Билим берүү системасы 11,25 миллиард сомду эмнеге жумшайт?

2024-2025-окуу жылында адамдык капиталды өнүктүрүү максатында көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатуу үчүн республикалык бюджеттен жана башка булактардан 11 млрд 25,4 млн сом кошумча бөлүнөт.

Бул тууралуу министр Догдуркүл Кендирбаева 4-ноябрда Бишкекте өткөн “Адамдык капитал жана туруктуу өнүгүү” аталышындагы улуттук форумда билдирди. Министрдин билдирүүсү боюнча бөлүнгөн каражаттар төмөнкүдөй максаттарга жумшалат:

•    мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүгө 3 млрд 408 млн сом (анын ичинен 408 млн сом – жаңы бала бакчалардын иштөөсүнө, 3 млрд сом – уктоочу жайларды окуу бөлмөлөрүнө кайра форматтоого жана жаңы топторду түзүүгө);
•    окуу китептерин даярдоого жана басып чыгарууга 2 млрд сом;
•    окуучуларды ысык тамак менен камсыздоого 2 млрд 800 млн сом (жылына 1,4 млрд сомдон);
•    мугалимдер үчүн ноутбуктарды сатып алууга 1 млрд 364,4 млн сом (2024-жылы 678 млн сом, 2025-жылы 686,4 млн сом);
•    мектептер үчүн компьютерлерди сатып алууга 100 млн сом,
•    мектептердин муктаждыктарын канааттандырууга 1 млрд 353 млн сом (анын ичинен 416 млн сом – мектептердин окуу чыгашаларына, 134 млн сом – окуу эмеректерине, 803 млн сом – мектептердин учурдагы ремонтуна (жылына 401,5 млн сомдон).

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: