Бишкек Баткен облусуна 10 троллейбус берет - ИА Караван Инфо
Бишкек Баткен облусуна 10 троллейбус берет

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Баткен облусунун жана Баткен шаарынын түптөлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган иш-чаранын алкагында иш сапары менен Баткен облусуна барды.

Борбор калаа башчысы облустун тургундарын куттуктап, ар бир үй-бүлөгө тынчтык, чың ден соолук жана бакубатчылык каалады.

Ошол эле учурда Жунушалиев өз сөзүндө Бишкек шаарынан Баткен облусуна 10 троллейбус алынып келинип жатканын белгиледи.

Ошондой эле Айбек Жунушалиев 2021-жылы министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп турганда КР Президентинин тапшырмасы менен Баткен облусунун өзгөчө статусу жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча ишти жетектеген, кийин Жогорку Кеңеште үч окууда жактырылып, мамлекет башчысы кол койгон.

Мындан тышкары, 2022-жылы КР президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы болуп иштеген учурда  Баткен облусундагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактарынын менчигине келтирилген зыянды баалоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топту жетектеген.

Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча анын бардык сиңирген эмгегин жана кошкон салымын эске алуу менен А.Жунушалиевге “Баткен облусунун Ардактуу жараны” төш белгиси ыйгарылды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: