Бишкек мэриясы муктаж жана аз камсыз болгон жарандарды отун менен камсыздайт
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен Ч.Айтматов проспектисинин боюндагы теректер муктаж жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылат.
Мэриядан билдиришкендей, каалоочулар 2024-жылдын 25-декабрына чейин кышкы отун алуу үчүн райондук администрацияларга арыз менен кайрылса болот.
Өз кезегинде «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасы муктаж болгон шаар тургундарына жардам катары отун бөлөт.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын социалдык өнүктүрүү департаментинин каттоосунда турган 163 аз камсыз болгон үй-бүлө жылуулук үчүн отун алышкан.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
