Бишкек – Ош унаа жолуна кар көчкү түштү
Алдын ала маалымат боюнча, бүгүн саат 09:07 чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 127-чакырымында кар көчкү түшкөндүгү тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.
Жерине тазалоо иштерин №9 ЖТИден 3 техника тартылып, тазалоо жумушун жүргүзүүдө.
Ошондой эле абалды көзөмөлдөө максатында ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынан, Жайыл райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ жана Тоо-кен куткаруу кызматынын 2 куткаруучусу чыгып кетти.
Жабыркагандар жок. Учурда кар көчкү түшкөнгө байланыштуу Бишкек – Ош унаа жолунун “Сосновка” постунда унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
