Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт
Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, 6сынан 8-ноябрына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу, 198-231-чакырымдарында Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Кырсык катталганда “112” номерине байланышыңыз.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
