ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлерине Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында бир нече адам, болжолдуу түрдө Токтогул районунун тургундары баңги затын таратуучу канал ачканы тууралуу маалымат алышкан.
Милиция кызматкерлери ыкчам маалыматтын аркасында баңгизат сатуучулардын изине түшкөн. Бул факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде 2024-жылдын сентябрь айында ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Андан аркы ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө шектүү адамдар Бишкекте ири өлчөмдөгү баңги каражаттарын сатуу үчүн сатып алуучуларды издеп жатышканы белгилүү болду.Буга байланыштуу баңгизат сатуучуларга ишеним артып, аларды кармоо максатында мындан аркы иш-чаралардын планы иштелип чыккан. Бул операцияга кызматкерлер кылдаттык менен даярданышкан.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери баңгизатын сатып алуучулар менен сүйлөшүп, жолуга турчу жер белгиленген. Сатып алуучу катары оперативдүү кызматкерлер өздөрү чыгышкан.
Кийинчерээк Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун кылмышка шектүү тургундары баңги затын (гашиш) автоунаага (иномарка) алмаштыргысы келгени белгилүү болгон.
Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери байланышка чыгышкандан кийин баңгизатты “Тойота Камриге” алмаштырыла турган жер белгилүү болгон.
Бир күн мурун Токтогул районунда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан баңги затын сатууга шектелген адамдарды кармоо боюнча атайын операция жүргүзүшкөн. 5 кг баңги затын автоунаага алмаштыруу жүргүзүлүп, андан соң ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын тарабынан Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургуну 1995-жылы туулган Ч.у Н. кармалган. 5 кг салмактагы “гашиш” баңги заты алынды.
Мындан тышкары Бишкек шаарынын аймагында анын шериги Токтогул районунун тургуну 1997-жылы туулган А.у К. аттуу жаран кармалып, жеке текшерүү учурунда салмагы 138 грамм баңги зат (гашиш) алынган. Кармалган эки адам тең Бишкек ШИИБдин убактылуу кормоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
