Бишкекте Ала-Арча жана Аламүдүн дарыясынын 1,6 миң метр аралыгы тазаланды - ИА Караван Инфо
Бишкекте Ала-Арча жана Аламүдүн дарыясынын 1,6 миң метр аралыгы тазаланды

Бишкекте Ала-Арча жана Аламүдүн дарыясынын 1 миң 680 метр аралыгы тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиритшти. 

Маалыматка ылайык, аталган дарыялардан нугу санитардык, механикалык тазалоодон өткөрүлүп, 102 метр тирөөч дубалдары курулду.

Иштердин 1142 метр аралыгы Бишкек шаардык мэриясы тарабынан, ал эми 640 метр аралыгы ӨКМ тарабынан аткарылды.

Белгилей кетсек, бул иштер 2025-жылга карата “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” планына киргизүү максатында жүрүүдө.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/