Бишкекте аскердик кармаш уруш боюнча ачык чемпионат башталды
Бишкектеги “Динамо” спорт комплексинде бүгүн, 13-ноябрда аскердик кармаш уруш боюнча ачык чемпионаты башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.
Мелдешке республикасынын бардык аймактарынан келген 150дөн ашык спортчу катышууда.
Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашууда:
Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата жана генерал майор Эргеш Алиевдин жаркын элесине арналган ачык чемпионат 15-ноябрда жыйынтыкталат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
