Бишкекте байыркы кытай цивилизациясынын көргөзмөсү ачылды. - ИА Караван Инфо
Бишкекте байыркы кытай цивилизациясынын көргөзмөсү ачылды.

Бишкек, 2026-жылдын 18-августу – Karavan Info маалымат агенттиги. 18-августта Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде "Гармония сулуулукту жаратат: Байыркы кытай цивилизациясынын көркөм көргөзмөсү" аттуу эл аралык көргөзмөнүн ачылыш аземи өттү, деп билдирди Маданият министрлиги.

Көргөзмө Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи менен Кытай Эл Республикасынын Тяньцзинь музейинин ортосунда түзүлгөн кызматташтык меморандумунун алкагында уюштурулуп, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий диалогду бекемдөөгө, гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө жана эки элдин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүүгө багытталган.

Көргөзмөнүн ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лю Цзянпин, Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Латиф Сейфадин оглу Гандилов, Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси С.П. Молунов, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси С.И. Вакунов, ошондой эле Тяньцзинь музейинин жана Ички Монголия музейинин өкүлдөрү катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Тяньцзинь музейинин директору Бай Цзюньфэн жана Кытай Эл Республикасынын Ички Монголия музейинин директору Ван Шиин көргөзмөнүн катышуучуларын видеобайланыш аркылуу куттуктап, мамлекеттер аралык маданий байланыштарды өнүктүрүүдө музейлер аралык кызматташтыктын маанилүү ролун белгилешти.

Көргөзмөдө Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин, Кытай Эл Республикасынын Тяньцзинь музейинин жана Ички Монголия музейинин коллекцияларынан алынган уникалдуу тарыхый жана көркөм экспонаттар көрсөтүлөт.

Көргөзмө 2026-жылдын 15-ноябрына чейин уланат.

Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги